Терордук уюмдардын мүчөсү 377 кишинин мал - мүлкү тоңдурулду

205 ФЕТӨ мүчөсүнүн арасында уюмдун корбашысы Фетуллах Гүлендин аты алдыга чыкты.

1616359
Терордук уюмдардын мүчөсү 377 кишинин мал  - мүлкү тоңдурулду

Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨ, ДЕАШ, ПКК/КЖК жана DHKP/C террордук уюмдарынын мүчөсү 377 кишинин Түркиядагы мал  - мүлктөрү тоңдурулду.

Казына жана каржы министрлигинин бул тууралуу чечими Расмий гезитте жарыяланды.  Мал  - мүлкү тоңдурулган 205 ФЕТӨ мүчөсүнүн арасында уюмдун корбашысы Фетуллах Гүлендин аты алдыга чыкты. Тизмеде бул уюмдун мүчөсү Хамди Акын Ипек, Экрем Думанлы, Хидайет Каража, Абдуллах Аймаз, Ахмет Куружан, Жемал Ушак, Жевдет Түркйолу, Мустафа Өзжан, Мустафа Йешил, Өндер Айтач жана Шериф Али Текалан сыяктуу ысымдар орун алды.

ПКК / ККК террордук уюмунан 77 кишинин мүлкү тоңдурулуп, лидерлер Мурат Карайылан, Али Хайдар Кайтан, Жемил Байык, Дуран Калкан, Хуля Оран, Фехман Хусейин жана Ферхат Абди Шахиндин аты тизмеге жазылды.

Мал  - мүлкү тоңдурулган DHKP/C террордук уюмдун 9 мүчөсүнүн арасында Муса Ашоглу менен Хүсейин Февзи Текин да бар. Айрыкча ДЕАШ террордук уюмунун мүчөсү 86 кишинин да Түркиядагы мал  -  мүлкү тоңдурулду.



Тектеш кабарлар