Чавушоглу Грециянын Анкарадагы элчисин кабыл алды

Чавушоглу баш калаа Анкарада болгон жолугушууну өзүнүн Твиттердеги баракчасынан бөлүшкөн билдирүүсү менен жарыялады.

1616785
Чавушоглу Грециянын Анкарадагы элчисин кабыл алды

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Грециянын Анкарадагы элчиси Майкл-Христос Диамессисти кабыл алды.

Чавушоглу баш калаа Анкарада өткөрүлгөн жолугушууну Твиттердеги баракчасынан бөлүшкөн билдирүүсү менен жарыялады.

Министр Чавушоглу: «Биз Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиастын келерки жумада боло турган иш сапарынын алдында Анкарадагы элчиси Майкл-Христос Диамессисти кабыл алдык», деди.

Дендиастын 14-апрелде Түркияга иш сапары менен келиши күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар