Йемен Түркиянын позициясын жогору баалайт

Йемендин SABA агенттигинин билдиргенине караганда, Йемендин Шура Кеңешинин төрагасы Ахмед Бин Дагр, Түркиянын Йемендеги элчиси Фарук Бозгөз менен Сауд Аравиясынын борбору Эр-Риядда жолугушту.

1615565
Йемен Түркиянын позициясын жогору баалайт

Йемендин Шура Кеңешинин төрагасы Ахмед Бин Дагр, Түркиянын Йеменди колдогон позициясын жогору баалагандарын айтты

Йемендин SABA агенттигинин билдиргенине караганда, Ахмед Бин Дагр, Түркиянын Йемендеги элчиси Фарук Бозгөз менен Сауд Аравиясынын борбору Эр-Риядда жолугушту.

Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер каралган жолугушууда Ахмед Бин Дагр, Түркиянын Йемендин коопсуздугу жана стабилдүүлүгү, аймактык бүтүндүктү колдогон мамилеси, эл аралык аренада мыйзамдуу өкмөттү колдогон позицияда турушу жана гуманитардык жардам тармагындагы эмгектерин жогору баалагандыктарын билдирди.

Фарук Бозгөз маегинде Түркиядагы саясий бийликтин Йемендеги тынчтык аракеттерин колдой тургандыгын баса белгиледи.

Бин Дагрдын Бозгөз менен жолугушуусунда Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) баштаган тынчтык аракеттерине дагы баа берилгендиги айтылды.

Көптөн бери саясий туруксуздук өкүм сүргөн Йеменде Иран колдогон хуситтер 2014-жылдын сентябрь айынан бери борбор шаар Сана жана айрым аймактарды көзөмөлдөп турушат.

Сауд Арабиясы баштаган коалициянын күчтөрү 2015-жылдын март айынан бери Йемендин хуситтерге каршы өкмөтүн колдоп келет.



Тектеш кабарлар