Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Акыркы 24 саатта вирустан 186 киши көз жумду.

1614210
Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 186 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 32 миң 78 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 249 миң 126 тест жасалып, 1483 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 44 миң 756 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 23 миң 214 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 3 миллион 82 миң 676га жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар