Спрей түрүндө колдонулган вакцинанын мутацияга каршы натыйжалуулугу далилденди

Натыйжалуу экендиги көз карандысыз клиникалык изилдөөлөрдөн кийин аныкталды.

1613801
Спрей түрүндө колдонулган вакцинанын мутацияга каршы натыйжалуулугу далилденди

Мурунга спрей түрүндө колдонулган ата мекендик Ковид-19 вакцинасынын Британияда табылган вариантка каршы натыйжалуу экендиги көз карандысыз клиникалык изилдөөлөрдөн кийин аныкталды.

Жакынкы Чыгыш техникалык университетиндеги Технополисте түзүлгөн Нанография компаниясынын Башкаруу кеңешинин мүчөсү Юнус Эмре Дели, 2020-жылдын февраль айында интраназалдык вакцина изилдөө иштерин башташканын жана бардык анализдердин эл аралык стандарттардагы лабораторияларда аяктагандыгын айтты.

Алдын-ала клиникалык изилдөөлөрү аяктаган, жигерсиз жана мРНК вакциналарынын моделдеринен айырмаланып протеинге негизделген интраназалдык вакцинанын фаза-1 изилдөөлөрүнүн жакында башталаарын билдирди.

Юнус Эмре Дели: «Көз карандысыз лабораторияларда жүргүзүлгөн сыноолордо Кытайдын Ухань аймагындагы штаммына (вирустун ар кандай түрлөрү) каршы иштелип чыккан интраназалдык вакцинанын британ вариантына каршы да натыйжалуу экени аныкталды», деп айтты.

Вакцинанын клиникалык изилдөө процесстеринин 2021-жылдын ичинде бүтөрүн күтүп жатышкандыгын баса белгилеген Юнус Эмре Дели: «Интраназалдык вакцина аталган ишканада учурдагы көлөмү менен жылына 250 миллион доза өндүрүлө алат» деп билдирди.



Тектеш кабарлар