Чавушоглу Рашид Достум менен жолугушту

Чавушоглу Достум менен Афганистандагы тынчтык процесси жөнүндө сүйлөшкөнүн билдирди.

1612876
Чавушоглу Рашид Достум менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу борбор шаар Анкарада жүргөн Афганистандын мурунку президентинин орун басары маршал Рашид Достум менен жолугушуу өткөрдү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, Чавушоглу менен Достум Тышкы иштер министрлигинде жолугушту.

Чавушоглу Твиттердеги баракчасына жолугушуу тууралуу жазган постунда, Достум менен тынчтык процесси жана Афганистандагы түрк туугандарынын абалы жөнүндө сүйлөшкөнүн билдирди.

Чавушоглунун бөлүшүүсүндө: «Биз боордош афган элине тынчтыкты жана туруктуулукту издөөсүнө колдоо көрсөтө беребиз» деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар