Улуттук коопсуздук кеңеши Эрдогандын төрагалыгы астында чогулат

Жылдын экинчи отурумунда Эгейдеги, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги жана Кипрдеги окуялар, Түрк армиясынын Азербайжан, Ливия жана Сириядагы иш-аракеттери жана стратегиялык маселелер, айрыкча терроризм менен күрөшүү талкууланышы күтүлүүдө.

1611004
Улуттук коопсуздук кеңеши Эрдогандын төрагалыгы астында чогулат

Улуттук коопсуздук кеңеши (УКК) президент Режеп Таййип Эрдогандын төрагалыгы астында чогулат.

Жылдын экинчи отурумунда Эгейдеги, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги жана Кипрдеги окуялар, Түрк армиясынын Азербайжан, Ливия жана Сириядагы иш-аракеттери жана стратегиялык маселелер, айрыкча терроризм менен күрөшүү талкууланышы күтүлүүдө.

Карабахта ок атышпоо режимин көзөмөлдөө жана текшерүү максатында 30-январда ачылган Түркия-Россия биргелешкен борбордук командирлигинин иш-аракеттери күн тартибине кирери болжолдонууда жана Сирияда акыркы убакта болуп өткөн окуялар жана  Ливиядагы акыркы кырдаал талкууланат.

Түркия менен Грециянын ортосунда Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги көйгөйлөрдү чечүү үчүн сүйлөшүүлөрдө кайрадан башталган кеңешүүчү сүйлөшүүлөрдө жетишилген этапка баа берилиши күтүлүп жаткан жыйналышта, Түркия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР) Чыгыш Жер Ортолук деңизинде эл аралык укуктан келип чыккан укуктарды коргоо боюнча иштердин да талкуулана турган темалардан боло турганы көздөлүүдө.

Жыйналышта айрыкча ПКК / KЖK-ПЙД / ЙПГ, Фетуллахчы террордук уюм (ФЕТӨ) жана ДЕАШ баш болгон бардык террордук уюмдарга каршы жүргүзүлө турган операциялар жана башка аймактык жана улуттук коопсуздук маселелеринин күн тартибине кириши күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар