Октай: «Артыкчылыктуу багыттарыбыз үй-бүлө, билим берүү жана маданият»

Фуат Октай Китепкана жумалыгынын программасына катышты.

1611504
Октай: «Артыкчылыктуу багыттарыбыз үй-бүлө, билим берүү жана маданият»

Вице-президент Фуат Октай, 2023-жылга (Республиканын жарыялангандыгынын 100 жылдыгы) умтулууда артыкчылыктуу багыттарын үй-бүлө, билим берүү жана маданият деп белгилешкендерин айтты.

Фуат Октай Президенттиктин Улуттук китепканасында өткөрүлгөн Китепкана жумалыгынын программасына катышты.

Маалымат өндүрүүдө жана маалыматты пайдаланууда жетишилген деңгээлдин учурда өлкөлөрдүн өнүгүү деңгээлинин негизги көрсөткүчтөрүнүн бири экендигин билдирген Октай: «Биз дагы маалыматты, маалымат өндүрүүнү жана инновацияны өсүп-өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчү деп эсептейбиз»,- деди.

Октай акыркы 19 жылда президент Режеп Тайип Эрдогандын жетекчилиги астында билим берүүдөн маданиятка чейин, басмаканадан маданият жана искусствого чейин көптөгөн кадамдардын ташталгандыгын айтты.

Октай жашоонун бардык чөйрөлөрүндөгү бир түрдүүлүктүн байыркы цивилизациянын баалуулуктарын күл сыяктуу жаап калгандыгын жана имитациялык абалдын коомчулукту солкулдатып жаткандыгын айтты.

Коомчулуктун өзүнүн баалуулуктары менен катар инновациялык кадамдарды таштоосунун маанилүүлүгүнө токтолгон Октай, жакынкы мезгилде инвестициялардын үй-бүлөгө, билим берүүгө жана маданиятка жумшалышы керектигин баса белгиледи.

Октай программадан кийин "57-китепкана жумалыгынын" алкагында Китепканачылык жана Басмакана сыйлыктарына татыктуу деп табылгандарга плакат тапшырды.



Тектеш кабарлар