Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү жана чаралар

Президент Режеп Таййип Эрдоган өкмөттүн жыйынынан кийин билдирүү жасап, жаңы чараларды жарыялады.

1610816
Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү жана чаралар

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 154 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 31 миң 230 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 225 миң 511 тест жасалып, 1325 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 32 миң 404 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 18 миң 15 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 975 миң 108ге жогорулады.

Ошол эле учурда, президент Режеп Таййип Эрдоган өкмөттүн жыйынынан кийин билдирүү жасап, "Жуктурган учурлардын, бейтаптардын жана өлүмдүн санынын өсүшү бизди учурдагы чараларды карап чыгууга аргасыз кылууда",- деди.

Эрдоган, коменданттык сааттын кайрадан, бүтүндөй өлкөдө жана кечке жуук (Түркия убактысы менен) саат 21: 00дөн 05: 00гө чейин, ошондой эле "өтө чоң тобокелдик" топтогу 58 шаарда, дем алыш күндөрү ишке ашырыла турганын билдирди.
Эрдоган:"Эпидемиянын чаралары жагдайында ар кимдин полициясы өзүнүн абийири жана акылы болушу керек",-деп айтты.



Тектеш кабарлар