Түркияда акыркы 24 саатта коронавирустан 157 киши каза болду
Күнүмдүк бейтап саны 28 731ге жетти.
Түркия коронавирус менен күрөшүүнү улантууда. Акыркы 24 саатта 157 киши каза болду.
Эпидемиянын башынан бери каза болгондордун саны 30 619ге жетти.
Бир күндө 222 753 тест жасалып 1210 жаңы учур катталды. Күнүмдүк бейтап саны 28 731ге жетти.
Айыгып ооруканадан чыккан 19 186 киши менен айыккандардын жалпы саны 2 миллион 900 829га жогорулады.
Ошол эле учурда саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Түркияда ушул кезге чейин 14 миллион дозадан ашуун вакцинанын берилгендигин билдирди. Министр Кожа Илимий Кеңеш менен өткөргөн жыйындан кийин берген билдирүүсүндө эпидемия менен күрөшүү тууралуу маалымат берди. Кожа «BioNTech вакцинасы 1, 4 миллион дозага жетти. Бул апрель айынын башында 4, 5 миллион дозага жетет. Кошумча катары 30 миллион дозалык опцион келишими түзүлдү»,- деди.
Кожа май айынын акырына чейин жалпы 100 миллион доза вакцинанын Түркияга келишин күтүп жатышкандарын белгиледи.
«Биздин өлкө бүгүнкү күндө вируска окшогон бөлүкчөлөргө каршы вакцинанын 1-фазасын изилдөөнү баштады. Вакцинанын бул түрү дүйнөдөгү эң жаңы вакцина талапкерлеринин бири болуп саналат»,- деди министр Кожа.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.