Чавушоглу: «Бардык террордук уюмдар менен күрөшүүбүз улантылат»

Чавушоглу НАТОнун жыйынында сөз сүйлөдү.

1607048
Чавушоглу: «Бардык террордук уюмдар менен күрөшүүбүз улантылат»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынында Түркиянын бардык террордук уюмдар менен күрөшүүсүнүн улана турганын айтты.

Чавушоглу Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун башкы кеңсесинде өткөрүлгөн жыйында сөз сүйлөдү.

Биринчи сессиядагы кайрылуусунан кийин сөз сүйлөөсү жөнүндө социалдык медиа баракчасынан маалымат берген Чавушоглу, Түркиянын Ооганстандагы тынчтык жараяны үчүн жогорку деңгээлдеги жыйын өткөрө турганын белгиледи.

Ливияда туруктуулукту түзүү үчүн Түркиянын колдоосунун улана турганын айткан Чавушоглу: «ПКК / ЙПГ Ирак жана Сирия үчүн да коркунуч. Бардык террордук уюмдар менен күрөшүүбүз улантылат»,-деди.



Тектеш кабарлар