Шентоп: «Нооруз береке-молчулуктун майрамы»

Шентоп, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Дүйсен Касеинов жана аны коштогон делегацияны кабыл алды.

1606176
Шентоп: «Нооруз береке-молчулуктун майрамы»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, Эл аралык Түрк Маданият Уюмунун (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы Дүйсен Касеинов жана аны коштогон делегацияны кабыл алды.

Кабыл алууда ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Касеинов Нооруздан улам Шентопко ичинде жумуртка, буудай, жаңгак жана кургатылган жемиштер салынган "семени" (Нооруз табагы) жана казактардын улуттук кийими "чапан" белек кылды.

Шентоп менен Касеинов, жумуртка кыгыштырып символикалык түрдө Ноорузду белгилешти.

Парламенттин төрагасы Шентоп кабыл алууда сүйлөгөн сөзүндө, Түрк дүйнөсүн Нооруз майрамы менен куттуктады.

ТҮРКСОЙдун делегациясы менен Нооруздан улам жолугушкандыгы үчүн кубанычта экенин билдирген Шентоп: «Адамзаттын материалдык эмес мурасы болгон Нооруз - элдерибизди байланыштырган жана ата-бабаларыбыздан калган жалпы баалуулуктарыбызды кийинки муундарга жеткирип турган молчулуктун жана берекенин майрамы»,- деди.



Тектеш кабарлар