Түркия Экватор Гвинеясына көңүл айтты
Кечээ Экватор Гвинеясынын Бата шаарындагы бир аскердик базанын ок - дары кампасында болгон жарылууларда көп сандаган киши каза болуп, жүздөгөн киши жаракат алган.
Түркия Экватор Гвинеясына бир аскердик базада ок - дары сакталган кампада чыккан жана көп сандаган кишинин өлүмүнө себеп болгон жарылуудан улам көңүл айтты.
Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта кечээ Экватор Гвинеясынын Бата шаарындагы бир аскердик базанын ок - дары кампасында болгон жарылууларда көп сандаган кишинин каза болгондугу жана жүздөгөн кишинин жаракат алгандыгы билдирилди.
Маалыматта : «Бул кайгылуу окуядан улам дос Экватор Гвинеясынын калкы жана өкмөтүнө көңүл айтабыз, каза болгондордун үй - бүлөлөрү менен жакындарына сабыр жана жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз»,- деп билдирилди.
Экватор Гвинеясынын саламаттык сактоо министри Гуина Салуд 17 киши каза болуп, 420 киши жараланган жарылуунун таасири менен казармага жакын бир топ үйдүн кулагандыгын жана бир нече кишинин көчкү астында калгандыгын маалымдаган.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.