Коммуникация башкармалыгы 8-март Аялдардын эл аралык күнүн аларга арналган ыр менен куттуктады

«Аял деген» аттуу ырда жана клипте аялдардын үй-бүлөлүк жана коомдук жашоодогу орду жана алардын жашоонун бардык тармактарына кошкон баалуулугу  баса белгиленди.

1596995
Коммуникация башкармалыгы 8-март Аялдардын эл аралык күнүн аларга арналган ыр менен куттуктады

8-март Аялдардын эл аралык күнү Президенттиктин коммуникация башкармалыгы тарабынан даярдалган «Аял деген» аттуу ыры жана клиби менен белгиленди. Президенттигинин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун өзүнүн социалдык медиа эсебинен «Аял дегенибиз бул жашоо, сүйүү. Аял дегенибиз бул эмгек жана үмүт, ар-намыс жана сыймык. 8-март Эл аралык аялдар күнү куттуу болсун» деген билдирүү менен бөлүштү.

«Аял деген» аттуу ырда жана клипте аялдардын үй-бүлөлүк жана коомдук жашоодогу орду жана алардын жашоонун бардык тармактарына кошкон баалуулугу  баса белгиленди.

Көзкарандысыздык согушунан 15-июлга (2016-жылы Фетуллахчы террордук уюмдун төңкөрүш аракети) чейинки, Диярбакырдагы энелерден коронавируска каршы күрөштө аялдардын окуясын чагылдырган видео, Боштондук согушунда фронтко ок ташып бараткан аялдардын видеолору менен башталат..

Клипте ошондой эле туугандары шейит болгон, 15-июлдагы төңкөрүш аракетинде танктарга каршы чыккан, Диярбакырда балдарын асырап алууну күткөн, коронавируска каршы күрөшкө катышкан аялдардын видеолору камтылган.

Ковид-19 вакцинасын иштеп чыккан Германиянын BioNTech биотехникалык компаниясынын негиздөөчү өнөктөшү, Др. Өзлем Түрежинин образын камтыган клипте ошондой эле коомдун ар кыл катмарларынан, билим берүүдөн искусствого, илимден ден-соолукка, спорттон дыйканчылыкка, мыйзамдан коргонууга жана коопсуздукка чейинки ийгиликтүү аялдардын портреттери чагылдырылган.

Анын сөздөрү Др.Хүсейин Балканжы, музыкасы Йүжел Арзен тарабынан даярдалган «Аял деген» (Kadın Demek) аттуу ырынын сөзү төмөнкүчө:

 

«Биз болбосок эч нерсе болбой турган аялбыз / Биздин жүгүбүз дүйнөдөгү эң оор жүк /

Биз тарыхты колубуз менен жаздык / Биз жерди мекен кылган жарлыктын ээсибиз.

 

Жарыбыз сүйүү биздин, жарыбыз энелик / Өмерлерди, Фетхилерди бердик Женнетке / Жанлар сагыныч менен кызматка чуркашты / Кыйынчылыктарды оңдой турган бизбиз.

 

Жашоо ... Жашоо ... Жашоо деген эмне? / Аял дегенди билдирет! / Эмгек, азап, үмүт деген эмне? / Аял дегенди билдирет! / Күн, жаз, мээрим деген эмне? / Анын башы алифтей тике жогору; ийилбейт / Ар-намысты билдирет! / Алифтей тике башы ийилбейт / Бул сыймыктанууну билдирет!

 

Биз жашоого маани берген түстөрбүз / Кубанычты жаркыратабыз, азаны жашырабыз / Алгач мекен деп, андан кийин аны жан дейбиз / Желектерди алардын жан дүйнөсүнө курчаган бизбиз.

 

Искусство болот беле биз болбосок? / Илхамды козгогон сырыбыз болбосо / Убакытты токтотуучу көз болбогондо / Кыялданууларды сүйүүгө жоруган бизбиз»



Тектеш кабарлар