Түркия Сомалидеги террордук кол салууларды айыптады
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, кол салуу кескин айыпталды.
Түркия Сомалидеги террордук кол салууну айыптап: «Биз терроризмге каршы күрөшүүдө дос жана бир тууган Сомали элинин жанында болууну уланта турганыбызды дагы бир жолу баса белгилейбиз», деп билдирди.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Могадишо портунун жанындагы ресторанда кечээ кечинде бомба жүктөлгөн унаа менен жасалган террордук кол салууда Сомалинин коопсуздук күчтөрү да арасында болгон 20дан ашуун адамдын каза болушу жана 30дан ашуун адамдын жаракат алышы терең капага салганы белгиленди.
Билдирүүдө: «Биз бул мыкаачылык кол салууну кескин айыптайбыз. Бир тууган Сомали элине жана өкмөтүнө көңүл айтып, көз жумгандардын жаткан жерлери жайлуу болушун, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз. Терроризмге каршы күрөшүүдө дос жана бир тууган Сомали элинин жанында болууну уланта турганыбызды дагы бир жолу баса белгилейбиз» деген сөздөр камтылды.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.