Улуттук коргоо министри жаралуу аскерлердин абалынын жакшы экендигин билдирди

Кечээ Битлисте  аскердик тик учар кырсыкка учурап 11 аскер шейит болуп, 2 аскер жараланган

1595818
Улуттук коргоо министри жаралуу аскерлердин абалынын жакшы экендигин билдирди

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Бингөлдөн учкан жана Битлистин Татван районунда кырсыкка учураган тик учарда жаралаган аскерлердин абалынын жакшы экендигин айтты.

Акар Элазыгда тик учар кырсыгында шейит болгон 11 аскер үчүн өткөрүлгөн узатуу салтанатынан кийин журналисттерге маалымат берди.

Шейит болгон аскерлер үчүн көңүл айткан Акар жаралуу аскерлердин абалынын жакшы экендигин белгиледи. Кечээ Битлисте  аскердик тик учар кырсыкка учурап 11 аскер шейит болуп, 2 аскер жараланган. Жаралуу аскерлер  ооруканада дарыланууда. 



Тектеш кабарлар