Челик: «ФЕТӨнүн менеджерлери кудум эле ПКК сыяктуу адамзаттын душманы жана Түркиянын душмандары»

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик,Твиттердеги эсебинен ФЕТӨнүн чыккынчлыктары боюнча маалымат бөлүштү.

1594951
Челик: «ФЕТӨнүн менеджерлери кудум эле ПКК сыяктуу адамзаттын душманы жана Түркиянын душмандары»

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарындагы Фетуллахчы террордук уюмуна (ФЕТӨ) мүчө бир топ тарабынан Түркиянын аброюна шек келтирүү үчүн берилген жарнамага каршылык көрсөттү.

Твиттердеги эсебинен бөлүшкөн Челик, ФЕТӨнүн Түркиянын душманы чыккынчылык желеси болгонун белгилеп, «ФЕТӨ, Түркияга душман, ошондуктан биздин Президентибизге душман. Бул чыккынчылык желеси, Нью-Йоркто «stop Erdoğan» темалуу калп менен толтурулган жарнамалар аркылуу биздин урматтуу Президентибизди бутага алган чыккынчылыктарына жаңы баракча кошту»,-деп айтты.

Челик, бул чыккынчылык желесинин Түркияны жана президент Режеп Таййип Эрдогандын туруктуу жүрүшүн токтото албай тургандыгын баса белгилеп, «ФЕТӨ чыккынчылык пландарынын алдында эң чоң тоскоолдук катары Президентибизди көнгөнү үчүн дүйнөнүн каалаган бурчунда Эрдоган душмандыгын кылып жатат. ФЕТӨ, Түркиянын душманы - бардык чыккынчылык долбоорлорунун ыктыярдуу кулу. ФЕТӨнүн менеджерлери кудум эле ПКК сыяктуу адамзаттын душманы жана Түркиянын душмандары болуп саналат. Алардын биздин Президентибизге каршы кол салуулары  биздин улутубузга душман болгондуктары үчүн болууда. Президентибиздин артында улутубуздун эрки жана колдоосу турат. ФЕТӨнүн артында болсо Түркиянын душманы желелер бар. ФЕТӨ менен күрөшүү - бул улуттук мобилизация. Президентибиздин акылман башкаруучулугу аркылуу бул террор жана чыккынчылык желеси менен күрөшүү акырына чейин уланат»,деген сөздөргө орун берди.



Тектеш кабарлар