Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат
Акыркы 24 саатта вирустан 65 киши көз жумду.
1594585
Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.
Акыркы 24 саатта вирустан 65 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 28 миң 771 деп катталды.
Бир сутканын ичинде 138 миң 18 тест жасалып, 689 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 11 миң 520 болду.
Ооруканадан айыгып чыккан 7 миң 191 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 593 миң 264кө жогорулады.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.