Түркия Түштүк Суданга көңүл айтты

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү.

1594521
Түркия Түштүк Суданга көңүл айтты

Түркия Түштүк Суданга 10 адамдын өмүрүн алган авиакырсыкка байланыштуу көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө: «Түштүк Судандын Жонглэй аймагындагы Пиери шаарчасынан Юай жана Жубага багыт алган жүргүнчү учагы кечээ абага көтөрүлгөндөн кийин кулап түшүп, учактагы 10 адамдын каза болгонун терең кайгыруу менен билдик», деп жазылды.

Билдирүүдө, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана Түштүк Судан эли менен өкмөтүнө көңүл айтылды.



Тектеш кабарлар