Тышкы иштер министри хорват кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө Чавушоглунун Хорватияга жасаган сапарында талкууланган темалар каралды.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Хорватиянын тышкы иштер жана Европа иштери боюнча министри Гордан Грлич-Радман менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда сүйлөшүүдө Чавушоглунун Хорватияга жасаган сапарында талкууланган темалар каралды.
Чавушоглу 26 -февралда Хорватияда расмий жолугушууларды өткөргөн. Сапардын негизинде Хорватиянын президенти Зоран Миланович тарабынан да кабыл алынган Чавушоглу жолугушууларында учурдагы аймактык маселелерди талкуулады.
Чавушоглу Хорватиянын Босния- Герцеговинадагы ролунун абдан маанилүү экендигин белгилеп Түркия- Хорватия-Босния Герцеговина үчтүк механизмин лидерлер деңгээлине чыгаруу чечимин кабыл алышкандарын жарыялаган.
Министр Чавушоглу Хорватия программасынын негизинде 2020 -жылдын акыркы жумасында жер титирөө болгон Петриния аймагына да барган.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.