Түркия Нигерияда кыз окуучулардын уурдалып кетишин айыптады

Ким экендиги аныктала элек куралчан адамдар провинциянын Жангебе аймагындагы кыздар лицейине кол салышкандыгы, кол салуудан кийин 317 кыз окуучунун дайынсыз жоголгондугу билдирилген болчу.

1591661
Түркия Нигерияда кыз окуучулардын уурдалып кетишин айыптады

Түркия, Нигериядагы бир мектеп-интернатына куралдуу топтордун кол салуусунда 300дөн ашуун кыз окуучунун уурдалып кетишин катуу айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Нигериянын Замфара аймагындагы интернатка кечээ куралдуу топ тарабынан жасалган кол салууда 300дөн ашуун кыз окуучунун уурдалып кетиши терең капага салганы белгиленди.

Билдирүүдө: «Биз күнөөсүз окуучуларга каршы жасалган бул жийиркеничтүү кол салууну кескин айыптайбыз. Жоголгон окуучулар тез арада үй-бүлөлөрү менен жолугушат деп үмүттөнөбүз. Дос жана бир тууган Нигерия элине тилектештигибизди билдиребиз» деген сөздөр камтылды.

Замфара полициясынын комиссары Абуту Яро кечээки билдирүүсүндө, ким экендиги аныктала элек куралчан адамдар провинциянын Жангебе аймагындагы кыздар лицейине эртең менен эрте кол салышкандыгын, кол салуудан кийин 317 кыз окуучунун дайынсыз жоголгондугун байкагандарын билдирген болчу.



Тектеш кабарлар