Президент Р. Т. Эрдогандын туулган күнү

Эмине Эрдоган жубайы Р. Т. Эрдогандын 67 жашын жетелешип түшкөн сүрөтүн жарыялап куттуктады.

1591022
Президент Р. Т. Эрдогандын туулган күнү
erdoğan.jpg

Президент Р. Т. Эрдогандын туулган күнүн соцтармакта он миңдеген киши куттуктады.

Эрдогандын 67 жашы твиттерде күн тартибинен орун алды.

Президент Эрдогандын туулган күнүнө карата твиттерде "#ТуулганкүнүңкуттууболсунЭлдин Адамы"деген аталыштагы билдирүүлөр кыска убакыттын ичинде он миңдеген адамдардын колдоосуна ээ болду.

Эмине Эрдоган жубайы Р. Т. Эрдогандын 67 жашын жетелешип түшкөн сүрөтүн жарыялап куттуктады.

Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Борбордук штабынан да Эрдогандын туулган күнү үчүн «Туулган күнүң куттуу болсун, элге кызмат жолунда дагы көптөгөн жашың болсун» деген жазуу менен бөлүшүлгөн видео даярдалды.

Адилеттик министри Абдулхамит Гүл, ички иштер министри Сүлейман Сойлу, президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун жана президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын да социалдык медиада президент Эрдоганды туулган күнү менен куттукташты.



Тектеш кабарлар