Түркия Нигерге көңүл айтты

Түркия Нигерде  Көз карандысыз улуттук шайлоо комиссиясына таандык бир унаада болгон жарылууда каза болгондор үчүн көңүл айтты.

1588085
Түркия Нигерге көңүл айтты

Түркия Нигерде  Көз карандысыз улуттук шайлоо комиссиясына таандык бир унаада болгон жарылууда каза болгондор үчүн көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Нигерде болгон президенттик шайлоонун экинчи турунда кызмат кылган Көз Карандысыз Шайлоо Комиссиясына таандык бир унаанын кечээ Тиллабери аймагында минанын үстүнөн өтүшү менен жарылуу болуп, анда 7 үкөк кызматкеринин каза болуп, 3 кишинин оор жаралангандыгы билдирилди.

Маалыматта : «Дос жана боордош Нигер калкынын жана өкмөтүнүн кайгысын бөлүшүп, каза болгондордун жакындарына көңүл айтабыз»,- деп билдирилди.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын кабарына караганда өлкөнүн батышындагы  Тиллабери аймагында Даргол районунда шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн ташыган унаа өтүп бара жатканда жолго жайгаштырылган жарылуучу зат жардырылып, 7 киши каза болуп, 3 киши оор жаракат алган.



Тектеш кабарлар