Эрдоган: «Ушул убакка дейре 1,5 миллион үйдүн трансформациясы аяктады»

Президент Эрдоган Измирдин Байраклы районундагы жер титирөө турак үйлөрүнүн пайдубалын түптөө жана Гөзтепе стадионунун ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

1588564
Эрдоган: «Ушул убакка дейре 1,5 миллион үйдүн трансформациясы аяктады»
erdogan-ayda bebek.jpg
erdogan.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 81 облус жана 922 райондун бардыгында 1,5 миллион үйдүн трансформациясы аяктаганын айтты.

Президент Эрдоган Измирдин Байраклы районундагы жер титирөө турак үйлөрүнүн пайдубалын түптөө жана Гөзтепе стадионунун ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган ушул жерде сүйлөгөн сөзүндө: «Измирдеги жер титирөөдөн 10 ай өткөндөн кийин, 2021-жылдын август айынан баштап турак жайларды тапшырууну баштайбыз. 5 миң үйдү этап-этап түрүндө тапшырып беребиз. Ошондой эле Байраклыдагы запас аймагына кура турган турак жайларыбызды фондулук трансформация катары колдонобуз. Измирге керектүү турак жай. Акыркы 8 жылда биз Измирдеги кооптуу имарат деп табылган 20 миң имараттын 18 миңин буздук»,-деди.

Президент Эрдоган, ушул кезге чейин 81 облус жана 922 райондун бардыгында 1,5 миллион үйдүн трансформациясы аяктаганын айтты.

Башка жагынан алганда, президент Эрдоган жана анын жубайы биринчи айым Эмине Эрдоган октябрь айында Измирде болгон жер титирөөдөн 91 саат өткөндөн кийин урандылардын астынан куткарылган ымыркай Айда бөбөктүн туугандары менен жолугушту.

Биринчи айым Эрдоган Айда ымыркайын жакшы көрүп, анын колунан өптү. Президент Эрдоган дагы ымыркай Айданы жана анын бир тууганы Атаканды жакшы көрүп, абалдарын сурады.

Эрдоган жубайлар ымыркай Айдага  жана анын агасына оюнчуктарды белек кылышты.



Тектеш кабарлар