Түркия-Пакистан «Ататүрк машыгуусу- 2021» аяктады

Пакистан армиясынын билдирүүсүнө караганда, машыгуунун жабылыш аземи Ооганстан менен чектеш Хайбер Пахтунхва провинциясынын Тарбела аймагындагы Пакистан армиясынын атайын күчтөрүнүн штабында өттү.

1587562
Түркия-Пакистан «Ататүрк машыгуусу- 2021» аяктады

Түркия менен Пакистан куралдуу күчтөрү биргеликте жүзөгө ашырган «Ататүрк машыгуусу-2021» аяктады.

Пакистан армиясынын билдирүүсүнө караганда, машыгуунун жабылыш аземи Ооганстан менен чектеш Хайбер Пахтунхва провинциясынын Тарбела аймагындагы Пакистан армиясынын атайын күчтөрүнүн штабында өттү.

Салтанатка Пакистан армиясынан генерал-лейтенант Сайед Мухаммед Аднан жана Түрк куралдуу күчтөрүнөн (TКK) генерал-майор Эмре Таянч баштаган улук аскердик делегация катышты.

Түркия жана Пакистан армиясынын атайын күчтөрүнүн тандалган бөлүктөрү орун алган 3 жумалык машыгууда терроризмге каршы күрөшүү, жакын аралыкта согушуу, курчоо жана издөө, жип менен түшүүү, ок атуу жана кыймыл ыкмалары, тик учактан жиптер менен түшүү, барымтадагыларды куткаруу жана эркин түшүү техникалары ишке ашырылды.

Түркия-Пакистан биргелешкен десанттар жана атайын күчтөрдүн машыгуусу 1998-жылдан бери эки өлкөнүн ортосунда кезектешип өткөрүлүп келет.

Машыгуу Түркияда өткөрүлгөндө «Жинна машыгуусу», Пакистанда өткөрүлгөндө «Ататүрк машыгуусу» деп аталууда.



Тектеш кабарлар