Президент Эрдоган Сарачтын жаназа зыйнатына катышты

Мухаммед Эмин Сарач кечээ карылыкка байланыштуу ден-соолук маселелеринен улам дарыланган ооруканада көз жумду.

1587712
Президент Эрдоган Сарачтын жаназа зыйнатына катышты

Түркиянын алдыңкы хадис, тафсир жана фикх аалымы Мухаммед Эмин Сарач акыркы сапарга узатылды.

Президент Режеп Тайип Эрдоган Стамбулдагы «Фатих» мечитинде Мухаммед Эмин Сарачтын жаназа намазына катышты.

Эрдоган, «Фатих» мечитинде 60 жылдан ашуун убакыттан бери тафсир, хадис жана фикхтен сабак берип, чет өлкөлөрдөн жана өлкө ичиндеги жүздөгөн студенттерди тарбиялаган Сарач үчүн, «Бир мухаддис (ислам аалымы) катары биздин мугалим тафсир же фикх илиминде болсун, ушул Ислам илимдеринин бардыгында алдыда жол баштап келди жана ушул жаатта ар дайым жетектеп келди. Ошондуктан, мен анын рахли-и менен сабак бергендер кийинки процессти ошол эле түшүнүү менен улантышат, мен ага ишенем»,-деп айтты.

Сарачтын сөөгү «Фатих» мечитинин Хазиресинде жерге берилди.

Мухаммед Эмин Сарач кечээ карылыкка байланыштуу ден-соолук маселелеринен улам дарыланган ооруканада көз жумду.

Жогорку билим берүү кеңешинин төрагасы Йекта Сарачтын атасы Мухаммед Эмин Сарачтын көзү өткөндөн кийин, анын күйөрмандары социалдык тармактардагы эсептеринде көңүл айтышты.



Тектеш кабарлар