YTB тарабынан Ханаудагы кыргынды эскерүү максатында стенд ачылды

Эрен: «Бүгүн биз бул жерге расисттик кол салуудан курман болгондорду эскерүү үчүн чогулдук»

1587105
YTB тарабынан Ханаудагы кыргынды эскерүү максатында стенд ачылды
abdullah eren hanau1.jpg
abdullah eren hanau.jpg

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын башчысы (YTB) Абдуллах Эрен, өткөн жылы Германиянын Ханау шаарында 9 адамдын өмүрүн алган расисттик кол салууну айыптап: «Расизмге "Болду жетишет"деп айтууну улантышыбыз керек»,-деди.

Эрен борбор шаар Анкарадагы Кызылай аянтында YTB тарабынан Ханаудагы кыргынды эскерүү максатында ачылган стендде билдирүү жасады.

Өткөн жылы Ханаудагы расисттик кол салууда 4 түрк жараны да арасында болгон 9 кишинин көз жумганын эске салган Эрен: «Бүгүн биз бул жерге расисттик кол салуудан курман болгондорду эскерүү үчүн чогулдук», деди.

Тилекке каршы Европанын көптөгөн ар кайсы өлкөлөрүндө расисттик чабуулдардын жылдан жылга көбөйүп баратканын байкагандарын айткан Эрен, Германиянын Федералдык Парламенти тарабынан жүргүзүлгөн бир изилдөөдө өткөн жылы 900дөн ашуун расисттик кол салуунун болгонуна көңүл бурду.

"Ханау кол салуусу акыркысы деп үмүттөнөбүз" деген Эрен, тиешелүү өлкөлөрдүн макамдарынын бул маселелерге аяр мамиле кылышы керектигин жана расизмге каршы жүргүзүлүп жаткан териштирүүлөрдүн бетин ачуу керектигин белгиледи.

Эрен, Ханауну эскерүү жана бул маселе боюнча маалымдуулукту жогорулатуу үчүн Стамбулдун Истиклал көчөсүндө стенд ачкандарын белгилеп: «Расизмге "Болду жетишет"деп айтууну улантышыбыз керек», деди.



Тектеш кабарлар