Эрдоган Түрк дүйнөсүнүн метеорология форумуна билдирүү жөнөттү

Форум вице-президент Фуат Октай жана Азербайжандын премьер-министри Али Асадовдун катышуусунда өттү.

1586866
Эрдоган Түрк дүйнөсүнүн метеорология форумуна билдирүү жөнөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Тоолуу Карабах согушу жана Ковид-19 пандемиясы мезгилинде баштан өткөргөндөрүбүз коргонуудан дипломатияга, медицинадан айыл чарбага, туризмден энергетикага чейинки бардык тармактарда түрк дүйнөсүнүн биримдиги, ынтымагы жана тилектештигинин маанилүүлүгүн көрсөттү», деди.

Эрдоган вице-президент Фуат Октай жана Азербайжандын премьер-министри Али Асадовдун катышуусунда өткөрүлгөн Түрк дүйнөсүнүн метеорология форумуна билдирүү жөнөттү.

Президент Эрдоган: «Түрк дүйнөсү катары биз артта калган мезгилде коронавирус пандемиясынын себебинен досторубуз жана жакындарыбыз да арасында болгон көптөгөн адамдардан ажырадык. Бирок ушул эле мезгилде биз 30 жылдык оккупациядан кийин Тоолуу Карабахтын кайрадан өз мекенин кучак жайып тосуп алуусунун кубанычын жүрөгүбүздөн сездик»,-деп айтты.

Азербайжандыктарды 44 күнгө созулган күрөштүн натыйжасында чоң жеңишке жетишкендигинен улам куттуктаган Эрдоган: «Тоолуу Карабах согушу жана Ковид-19 пандемиясы мезгилинде баштан өткөргөндөрүбүз коргонуудан дипломатияга, медицинадан айыл чарбага, туризмден энергетикага чейинки бардык тармактарда түрк дүйнөсүнүн биримдиги, ынтымагы жана тилектештигинин маанилүүлүгүн көрсөттү.

Бир тилде сүйлөп, бир динге ишенген; тарыхы бир, маданияты бир, цивилизациясы бир, 300 миллион адамдан турган чоң үй-бүлө экенибизди дагы бир жолу көрдүк.

Үй-бүлө мүчөлөрү катары жакынкы мезгилдеги биздин негизги жоопкерчилигибиз ушул байланыштарды чыңдоо жана ортобуздагы кызматташтыкты андан ары өркүндөтүү болушу керек.

"Түрк дүйнөсүнүн Метеорология биримдигин" түзүү идеясы бул багыттагы маанилүү кадам деп ойлойм»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар