Эрдоган-Татар сүйлөшүүсү

Түркия Түндүк Кипрге колдоосун улантат.

1586564
Эрдоган-Татар сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенти Эрсин Татар менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенттигинин билдирүүсүнө караганда, президент Эрдоган Кипр түрк элин Регаиб түнү менен куттуктады.

Эки лидердин сүйлөшүүсүндө, ошондой эле Кипрдеги акыркы окуялар, коронавирус (Ковид-19) пандемиясы жана эмдөө маселелери талкууланды.

Президент Эрдоган Кипр түрк калкынын Ковид-19 эпидемиясына каршы күрөшүүдө жалгыз эмес экендигин жана колдоолорунун мурдагыдай эле улантыларын баса белгиледи.

Татар да президент Эрдоганды жана түрк улутун Регаиб түнү менен куттуктады.

Ар дайымкыдай эле мында ары да Түркия Республикасы менен жакын мамилесин уланта тургандарын айткан Татар, президент Эрдоганга Кипр түрк элинин атынан ыраазычылыгын билдирди.



Тектеш кабарлар