Эрдоган калктын санынын өсүү темпинин төмөндөшүнө байланыштуу билдирүү жасады
Эрдоган Адилеттик жана өнүгүү партиясынын курултайына катышты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын калктын санынын азайышы темасында Европа менен бирдей тагдырга туш болушуна жол бербей тургандарын айтты.
Эрдоган өзү жетектеген Адилеттик жана өнүгүү партиясынын баш калаа Анкарадагы борборунан партиянын 7 шаардагы облустук аялдар бөлүмдөрүнүн кезектеги 6-курултайына катышты.
Эрдоган, үй-бүлөнүн маанисине жана калктын санынын өсүү ылдамдыгына токтолгон сөз сүйлөөсүндө, Түркиянын калкынын санынын өсүү темпинин дээрлик жарымына кыскарганын, бул көрсөткүч менен жакынкы мезгилде калктын санынын азайышы мүмкүн экендигин айтты.
Европа өлкөлөрүнүн бул коркунуч менен көптөн бери бетме-бет келгенин эске салган президент: «Биз Түркиянын ушундай тагдырга туш болушуна жол бербейбиз. Бул маселе акча менен чечилбейт. Үй-бүлөгө колдоо көрсөтүү менен болот», деди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.