Сербия Түркия менен маданият жаатында кызматташтыкты өркүндөтүүнү каалайт

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы орток маданий мурастарды коргоо темасы талкууланды.

1585815
Сербия Түркия менен маданият жаатында кызматташтыкты өркүндөтүүнү каалайт

Сербиянын маданият жана маалымат министри Мажа Гойкович, Түркия менен маданият жаатында кызматташтыкты өркүндөтүүнү каалагандарын айтты.

Гойковичтин, Түркиянын Белграддагы элчиси Танжу Билгич менен өткөргөн жолугушуусунда эки өлкөнүн ортосундагы орток маданий мурастарды коргоо темасы талкууланды.

Маданият жана маалымат министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Гойкович менен Билгич орток маданий мурастарды сактоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурушуп, Белграддагы Байраклы мечити менен бирге Осмон доорунан калган тарыхый жайларды калыбына келтирүү долбоорлорун сүйлөшүштү.

Эки өлкөнүн ортосундагы саясий мамилелердин абдан жакшы өнүккөндүгү айтылган жолугушууда, Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган менен Сербиянын президенти Александр Вучичтин дайыма сүйлөшүп туруусунун ушул жакшы мамилелердин көрсөткүчү экендиги белгиленди.

Министр Гойкович, Сербиянын маданият жаатында Түркия менен кызматташтыкты өркүндөтүүнү каалаганын, ушул алкакта мекемелер аралык кызматташтыктан тышкары кинематография менен үн жана визуалдык чыгарылыштарда карым-катнаштарын чыңдоону максат кылгандарын айтты.



Тектеш кабарлар