13 шейит үчүн Түркияга көңүл айтуу билдирүүлөрү

13 түрк жараны Ирактын Гара аймагында жикчил террордук уюм ПККнын кол салуусунда шейит кетти.

1585078
13 шейит үчүн Түркияга көңүл айтуу билдирүүлөрү

Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде, Ирактын Гара аймагында жикчил террордук уюм ПКК тарабынан шейит кылынган 13 түрк жаранына байланыштуу көңүл айтты.

Анн Линде Твиттер баракчасына жазган постунда: «Түндүк Иракта террордук кол салууда каза болгон түрк жарандарынын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Биз түрк эли менен тилектештик ичиндебиз»,-деди.

Украина дагы чыккынчылык террорду айыптады.

Украинанын Тышкы иштер министрлигинин Твиттер баракчасынан түрк тилинде жарыяланган билдирүүдө, Ирактын түндүгүндө түрк жарандарынын шейит кеткендиги тууралуу кабарды терең кайгыруу менен уккандары белгиленди.

«Дос түрк элине, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана туугандарына чын жүрөктөн көңүл айтабыз» деген билдирүүдө: «Куралсыз адамдарды өлтүргөн мыкаачыларды катуу айыптайбыз»,-делди.

Орусиянын жана Даниянын Анкарадагы элчиликтери дагы 13 шейит үчүн көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялашты.



Тектеш кабарлар