Президент Р. Т. Эрдоган Ризе облустук конгрессине катышты

Президент Р. Т. Эрдоган ПКК террордук уюмдун Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагында 13 түрк жаранын шейит кылышына үн чыгарбаган АКШга каршылык көрсөттү.

1583999
Президент Р. Т. Эрдоган Ризе облустук конгрессине катышты

Президент Р. Т. Эрдоган ПКК террордук уюмдун Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагында 13 түрк жаранын шейит кылышына үн чыгарбаган АКШга каршылык көрсөтүп : «Эми талап  - тоноо жок, эгерде биз силер менен дүйнөдө, НАТОдо бирдиктелигибизди уланта турган болсок  террористтердин жанында болбошуңар керек»,- деди.

Президент, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын лидери Эрдоган Ризеде партиясынын Йенишехир жабык спорт залында өткөрүлгөн Ризе  кезектеги  7 -  облустук конгрессине катышты.

Президент Эрдоган Гарада болгон «Чеңгел  -  Бүркүт  - 2» операциясы тууралуу : «Биринчи этапта бардык үңкүрлөргө кирерибизди айтканбыз.  Ушул убакыттын ичинде 42 террорист жок кылынды. Жыл өткөн сайын дагы да өнүккөн түрк армиясына каршы келе турган террордук уюм да күч да жок. Арскерлерибизге каршы тура албаган террордук уюм тилекке каршы чек эмне экенин билбейт»,- деди.

Түрк армиясы менен сыймыктангандарын айткан Эрдоган : «Армиябыздын убакыттын жана жердин чегине карабастан өлкөбүз муктаж болгон, улутубуз үчүн керек болгон бардык кыймылды өз мүмкүнчүлүктөрү менен аткара ала турган деңгээлге жетиши менен сыймыктанабыз»,- деди.

Президент Эрдоган ПКК террордук уюмдун жарандык кыргындарына да токтолуп : «Террордук уюм ПККнын жарандык кыргындарын китепке айландыра турган болсок батыштыктардын көркөмдүү энциклопедия томдорун артта калтырат»,- деди.

«Террордук уюмду толугу менен жок кылуу биздин милдетибиз»,- деген Эрдоган буларды айтты : «Гарада болгон бул кыргындан кийин эми эч бир өлкө, мекеме курулуш жана киши Түркиянын Ирак жана Сирия кыймылдарын суракка ала алабайт. Ирактагы аймактык жана борбордук башкаруу менен террордук уюмун толугу менен жок кылууда бирдей пикирдебиз. Акчасын берип  баары колдонгон жалданма канкорлор тобуна айланган ПККнын акыркы мүчөсүн жок кылганга чейин күрөшүүнү улантабыз.  

Күтүлбөгөн жерден түнү барып террористтерди жок кыла турган күчкө, мүмкүнчүлүккө жана чечкиндүүлүккө ээбиз. Террористтер үчүн Кандил да Синжар да Сирияда коопсуз эмес.

Террордук уюм ПККнын ичиндеги алданган бардык жаштарга кайрылам, келгиле бул жалданма канколор армиясынан кутулгула. Түркия республикасы бушайман болуп өзүнө келген ар бир жаранына мээримдүүлүк менен мамиле кылат».

Эрдоган сөзүн төмөнкүчө улантты : «Мындан кийин баарынын алдында эки жол бар. Түркия менен бирге кыймыл кылып, террорго каршы чыгат же бул колу кандуу террордук уюмдун ар бир кылган кылмышына орток болуп, оболу өз уятына андан кийин эл аралык платформаларда эсеп берет».



Тектеш кабарлар