Министр Акар Германияга барат
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Берлинде немис кесиптеши Крамп-Карренбауэр менен жолугушат.
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Германияга барат.
Түркиядан Германияга жаңы жылдын биринчи жогорку деңгээлдеги иш сапары 2-февраль шейшемби күнү ишке ашат.
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Берлинде немис кесиптеши Крамп-Карренбауэр менен жолугушат.
Иш сапарында күн тартибиндеги эң маанилүү тема Чыгыш Жер Ортолук деңизи алкагындагы окуялар болот.
Германиянын коргоо министри өткөн жумада Грециянын жана Кипрдин Рум администрациясынын коргоо министрлери менен жолугушкан болчу.
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен кесиптешинин жолугушуусу, Германиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги чыңалууну азайтуу үчүн жүргүзүп жаткан ортомчулук ролунун алкагында болоору белгиленди.
Германиянын коргоо министри, Түркия менен Грециянын ортосунда 25-январда өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдү кубаттаганын билдирген болчу.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.