Чавушоглу:«ЕБ менен Түркиянын ортосунда жаңыланган диалог үчүн мүмкүнчүлүк терезеси бар»

8-Түркия-Нидерландия (Виттенбург) конференциясы Чавушоглу менен Нидерландиянын тышкы иштер министри Стефан Блоктун тең төрагалыгы астында онлайн режиминде өттү.

1572377
Чавушоглу:«ЕБ менен Түркиянын ортосунда жаңыланган диалог үчүн мүмкүнчүлүк терезеси бар»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, өткөн жылы Түркия-Европа Биримдиги (ЕБ) карым-катнаштарында Европа менен мамилелерди сынаган оор жыл болгонун, бирок эми Европа Биримдиги менен Түркиянын ортосунда жаңыланган диалог үчүн мүмкүнчүлүк терезеси жаралганын айтты.

8-Түркия-Нидерландия (Виттенбург) конференциясы Чавушоглу менен Нидерландиянын тышкы иштер министри Стефан Блоктун тең төрагалыгы астында онлайн режиминде өттү.

Министр Чавушоглу бул видео конференциянын эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги диалогду улантууга умтулгандыктын көрсөткүчү деп билдирди.

Мевлүт Чавушоглу, Нидерландия жана Түркия, Европанын эки башка бурчтарындагы өлкөлөр катары континенттин көйгөйлөрүн чечүүгө салым кошо турган  көп нерсеге ээ экендиктерин айтты.

Өткөн жылдын Түркия-Европа Биримдиги (ЕБ) карым-катнаштарында Европа менен мамилелерди сынаган оор жыл болгонун эске салган Чавушоглу: «Жакынкы Чыгыш, Кипр, Ливия, Сирия жана Кавказда маанилүү окуялар болгон кызуу жылы өттү. ЕБ, декабрь саммитинде Түркияга колун сунду жана биз дагы оң жооп бердик. Эми Түркия менен Европа Биримдигинин ортосунда жаңыланган диалог үчүн мүмкүнчүлүк терезеси бар»,-деп айтты.

Чавушоглу, Бельгия, Германия, Италия, Испания жана Португалиядагы кесиптештери менен жолугушууларынын дагы Европа Биримдигинин көпчүлүк мүчөлөрүнүн ушул көз карашты жактаган мүнөздө экенин айтты.

Мевлүт Чавушоглу 2020-жылдын 20-22-январь күндөрүндө Бельгиянын борбору Брюсселге жасаган иш сапарында Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен жолугушууларында «конкреттүү кадамдардын жол картасы» боюнча макулдашууга жетишкендиктерин эске салды.

Түркия менен Европа Биримдигинин ортосундагы чынчыл өнөктөштүктүн иммиграция, соода, энергетика, коопсуздук, коргонуу, Сирия, Ливия, Балкан жана Кавказ менен катар көптөгөн маанилүү маселелер боюнча чыныгы өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн экенине көңүлүн бурган Чавушоглу, тараптардын 2016-жылдагы миграциялык кризис учурунда өнөктөштүктүн мүмкүнчүлүгүн көрсөткөнүн айтты.

Министр Чавушоглу: «Түркия талапкер өлкө катары, эң жогорку деңгээлдеги чечкиндүүлүк менен чыныгы өнөктөштүккө даяр»,-деди.

Бардык мамилелердегидей эле, эки тараптын тең күтүүлөрү болгонуна токтолгон Чавушоглу, Түркиянын күтүүлөрүнүн 18-Март Меморандумунун бардык өлчөмдөрдө жаңылануусу жана ушул алкакта кошулуу процесси, Бажы Биримдигинин жаңылануусу, виза режиминин либералдаштырылышы, миграция жаатындагы кызматташтык, жогорку деңгээлдеги диалог жана терроризм менен күрөшүү кызматташтыгын жөнгө салуу сыяктуу маселелер бар экендигин белгиледи.

Тышкы иштер министри Чавушоглу, Түркиянын ушул алкакта Греция менен иликтөөчү сүйлөшүүлөрүн баштаганын, Франция менен мамилелерде нормалдашуу процессин жүргүзүп жатканын жана ичкериде реформа процессине көңүл буруп жатканын айтты.

Түркиянын бир эле учурда мындан мурда сунуштаган Кипр боюнча «5 + Бириккен Улуттар Уюму» жыйыны жана Чыгыш Жер Ортолук деңиз конференциясына дагы даяр экендигин белгилеген Чавушоглу, Нидерландиянын дагы колдоосуна ишенгендерин айтты.

Нидерландиянын тышкы иштер министри Стеф Блок, эки өлкөнүн өнөктөштүгү өтө маанилүү экендигин айтты.

Блок, Нидерландия менен Түркиянын ортосунда НАТОнун алкагындагы коргонуу жаатында кызматташтык улантыларын баса белгиледи.

Нидерландия менен Түркиянын ортосундагы шериктештиктин кыйла эски жылдарга таянганын белгилеген Блок, эки өлкөнүн ортосунда ар кандай тармактарда өтө маанилүү кызматташтык темалары бар экендигин баса белгиледи.

 



Тектеш кабарлар