Түркия Малидеги террордук кол салуулдарды айыптады
Тышкы иштер министрлиги тарабынан жазуу түрүндөгү билдирүү жарыяланды.
Түркия Малидеги террордук кол салуулдарды айыптап, өмүрүнөн айрылгандар үчүн көңүл айтты.
Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө, Малидеги Боулкесси жана Мондоро аскердик базаларына 24-январда болгон террордук кол салууларда Малинин 6 аскеринин өмүрү кыйылып, көптөгөн коопсуздук кызматкерлеринин жаракат алгандыгы терең кайгыга салгандыгы белгиленди.
Билдирүүдө, «Биз бул мыкаачылык кол салууну айыптайбыз. Дос жана боордош Мали элине жана өкмөтүнө көңүл айтабыз, курман болгондордун жаткан жерлери жайлуу болушун тилейбиз жана алардын үй-бүлөлөрүнө, туугандарына чын жүрөктөн көңүл айтабыз»,делди
Боулкесси жана Мондоро аскердик базалары кээ кээде террордук уюмдардын бутасына айланууда.
2020-жылы март айында Мондоро шаарында болгон террордук кол салуудан 5 аскер каза болгон.
2018-жылы сөз болуп жаткан эки аскер базасын бутага алган бир убакта болгон кол салууда 40 аскер каза болгон.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.