Эрдоган тышкы саясатты баалоо жыйынына жетекчилик кылды

Бул тууралуу Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы билдирүү жасады.

1569761
Эрдоган тышкы саясатты баалоо жыйынына жетекчилик кылды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Стамбулдагы «Вахдеттин» сарайында өткөрүлгөн тышкы саясатты баалоо жыйынына жетекчилик кылды.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы жасаган билдирүүгө ылайык, Чыгыш Жер Ортолук деңизи, Ливия, Тоолуу Карабах жана Сирия баш болгон аймактык абалдар талкууланды, Европа Биримдиги менен мамилелерди чыңдоо кадамдары талкууланды.

Ар кайсы өлкөлөр менен эки тараптуу мамилелерден тартып глобалдык абалдарга чейин бир топ темада учурдагы тышкы саясий кырдаалга баа берилди, Түркиянын бардык тармактарда болгону сыяктуу тышкы саясатта дагы таасирин арттырып, укук жана кызыкчылыктарын коргоп, аброюн жогорулата турган кадамдарды, дипломатия жана диалог аркылуу чечкиндүү түрдө жүзөгө ашырууну уланта тургандыгы баса белгиледи.

Жолугушууга тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Президенттиктин коммуникация боюнча башчысы Фахреттин Алтун жана Президенттин басма сөз катчысы Ибрахим Калын дагы катышты.



Тектеш кабарлар