Грециядан Түркияга мактоо...

Грециянын Түштүк Эгей аймагынын губернаторунун орун басары Йоанис Флеварис,Грециянын Dimokratiki басылмасына жазган макаласында Түркиянын тышкы саясатына баа берди.

1565049
Грециядан Түркияга мактоо...

Грециянын Түштүк Эгей аймагынын губернаторунун орун басары Йоанис Флеварис, Түркиянын дүйнө жүзү боюнча кадыр-баркка ээ болгон, улуу жана күчтүү өлкө болгонун айтты.

Флеварис Грециянын Dimokratiki басылмасына жазган макаласында Түркиянын тышкы саясатына баа берген.

Түркиянын чоң армиясы, дүйнө жүзү боюнча кадыр-баркы бар, улуу жана күчтүү өлкө болгонун баса белгилеген Флеварис:«Түркия 20 жылдан бери, өзүнө ишенген жана мыкты пландары бар лидери президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан башкарылууда»,-деп жазган.

Түштүк Эгей аймагынын губернаторунун орун басары, Түркиянын «Көгүлтүр мекен» алкагында Чыгыш Жер Ортолук деңизде маанилүү аймакка үстөмдүк кылууну пландаганын айтты.

Ливия менен түзүлгөн келишим менен Түркиянын баланстарды астын үстү кылганын белгилеген Йоанис Флеварис: «Түркия, Чыгыш Жер Ортолук деңизде регионалдык держава катары иш алып барууда, АКШ , Европа Биримдиги (ЕБ), Россия, Египет, Израиль, Франция жана Сауд Аравияга карабастан артка чегинүүсүз мамиле жасоодо»,-деп жазды.



Тектеш кабарлар