"Өзүн жана тарыхын билбеген жаштарды өстүрбөстөн келечекке ишенимдүү карай албайбыз"
Эрдоган борбор шаар Анкарада «Салттуу спорттор, жаштар жана спортук клубдун» ачылуу аземинде сөз сүйлөдү.
Президент Р. Т. Эрдоган өзүн жана тарыхын билбеген жаштарды өстүрбөстөн келечекке ишенимдүү карай албай тургандыгын айтты.
Эрдоган борбор шаар Анкарада «Салттуу спорттор, жаштар жана спортук клубдун» ачылуу аземинде сөз сүйлөдү. «Биз тегибизге, тарыхыбызга, маданиятыбызга ээ чыгуу менен өткөн күндөн келечекке көпүрө куруу аракетиндебиз»,- деген Эрдоган ата - бабалардан калган спортторду жандандыруу менен бирге жаңы муундарга өткөрүүнү максат кылышкандарын белгиледи.
Президент балдарды ат минүүгө, күрөшкө, жаа атууга багыттап жатып негизинен аларды тарыхка ээ чыгууга чакырышкандарын айтып : «Көптөгөн жылдар унутулган, аба - бабаларыбыздан калган спортторду тааныта турган, балдарыбыздын тарыхына ээ чыгышына мүмүкнчүлүк түзө турган аракеттерге колдоо көрсөтүүдөбүз. Өзүн билген, тарыхын билген, маданиятын билген, тартиптүү, динин билген жаштарды өстүрбөстөн келечегибизге ишенимдүү карай албайбыз»,- деди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.