Түркияда жумушсуздук катнашы азайды
Түркияда жумушсуздук катнашы 2020 - жылдын октябрь айында 2019 - жылдын ошол эле айына караганда 0,7 баллга төмөндөө менен 12, 7 пайызды түздү.
Түркияда жумушсуздук катнашы 2020 - жылдын октябрь айында 2019 - жылдын ошол эле айына караганда 0,7 баллга төмөндөө менен 12, 7 пайызды түздү.
Түркия Статистика Мекемеси ТҮИК 2020 - жыл октябрь айы тууралуу жумушчу статистикаларын билдирди. Ушуга караганда жалпы Түркияда 15 жана андан жогорку жаштагылардын жумушсуз саны 2020 – жылы октябрь айында андан мурунку бир жылдын ошол эле айына караганда 391 000 кишиге азайып 4 миллион 5000 киши болуп каттоого өттү. Ошол эле мезгилде жумушсуздук катнашы 0,7 баллга төмөндөө менен 12, 4 пайызды түзгөн.
Айыл чарбасынан тышкары жумушсуздуктун деңгээли 0,9 баллдык төмөндөө менен 14,8 пайыз деп эсептелген.
Аталган айда 15 - 24 курак топту камтыган жаштардын жумушсуздук деңгээли 0,4 баллга төмөндөп, 24,9 пайызды түздү. 15 - 64 жаш курак топтогу жумушсуздуктун деңгээли 0,7 баллга төмөндөө менен 13 пайыз деп аныкталды.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.