Эрдоган Учурда иштеп жаткан журналисттер күнүнө карата билдирүү жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган кайрылуусунда Түркия эч качан басма сөз эркиндигинен баш тартпай тургандыгын билдирди.

1560681
Эрдоган Учурда иштеп жаткан журналисттер күнүнө карата билдирүү жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия эч качан басма сөз эркиндигинен баш тартпай тургандыгын айтты.

Эрдоган 10-январь Учурда иштеп жаткан журналисттер күнүнө карата кайрылуу жасады.

Президент өз кайрылуусунда «Журналистика жаатында жаңы медиа каналдар сунуш кылган мүмкүнчүлүктөрдү кесипкөй принциптерге жана маалыматтык этикага доо кетирбестен пайдалануу өтө маанилүү» деген туюнтманы колдонуп, «Биз Түркиядагы басма сөз эркиндигинен эч качан баш тартпагандыктан, бул түшүнүктү өлкөбүздүн ичинде жана сыртында кыянаттык менен кара пропаганда үчүн пайдалануусуна дагы эч качан жол бербейбиз»,- деди.

Эрдогандын билдирүүсүндө: «Калктын жаңылыктарга болгон укугун камсыздоо жана туура маалымат алуусу темасында массалык маалымат каражаттары демократиянын ажырагыс элементи катары айырмаланып турат. Бул процессте демократиялык жана моралдык жоопкерчиликти сезүү менен принципиалдуу иштеген журналисттер коом үчүн маанилүү милдетти аткарышат.

Мурун биздин демократия үзгүлтүккө учураган кезде камкордук шайманы катары колдонулган түрк медиасы үчүн демократиялык, либертардык жана полифониялык түзүлүшкө жетишүү багытында бир топ ийгиликтерге жетиштик. Өнүккөн технология менен жашообузга кирип жаткан жаңы медиа каналдарынын журналистиканын атынан сунуш кылган мүмкүнчүлүктөрдү кесиптик принциптерге жана басма сөз этикасына доо кетирбестен колдонуу өтө маанилүү »,-деди.

Эрдоган: «Маалыматтын жайылуу ылдамдыгы башты айландырган деңгээлде көбөйгөн азыркы заманда туура жана чынчыл кабарчылык жөнүндө түшүнүк мурдагыдан да баалуу болуп калды. Андыктан калпка жана дезинформацияга каршы чындык үчүн күрөшүүдө журналисттерге чоң жоопкерчилик жүктөлдү.

Биздин адилеттүү басма сөз жана журналисттер өлкөбүздө тынчтыктын, бейпилдиктин жана ишенимдин бекемделишине салым кошконун түшүнүп, алар улутубуздун сезимталдыктарын эске алуу менен туура маалыматтандыруу милдетин аткара турганына жана  демократиябызга салым кошо турганыан терең ишенем.

Бүгүнкү эпидемиянын татаал шартында өз милдеттерин аткарууга альтруисттик күч-аракет жумшаган басма сөз кызматкерлерибизге өзүмдүн жана улутумдун атынан дагы бир жолу ыраазычылыгымды билдирем. Бардык басма сөз кызматкерлерин Учурда иштеп жаткан журналисттер күнү менен куттуктайм жана кызмат учурунда каза болгондордун жаткан жерлери жайлуу болушун тилейм. Ушул ойлор менен мен бардык басма сөз кызматкерлерине ийгилик каалайм жана аларга чын жүрөктөн чыккан сезимдер менен салам айтам»,-деп кайрылды билдирүүсүндө.



Тектеш кабарлар