Боррелл Түркия менен диалогго баа берди

Боррелл президент Режеп Таййип Эрдоган менен Европа Биримдигинин Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйендин видео конференциялык сүйлөшүүсү жөнүндө социалдык медиа эсебинде бөлүштү.

1560634
Боррелл Түркия менен диалогго баа берди

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жосеп Боррелл Түркия менен диалог үчүн ишти улантууга даяр экендиктерин билдирди.

Боррелл президент Режеп Таййип Эрдоган менен Европа Биримдигинин Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйендин видео конференциялык сүйлөшүүсү жөнүндө социалдык медиа эсебинде бөлүштү.

Эрдоган менен фон дер Ляйендин «пайдалуу» жолугушуусуна кошулгандыгын айткан Боррелл: «Биз Түркия менен диалог үчүн иштөөнү улантууга даярбыз»,-деп айтты.

Боррелл, декабрь айында өткөн Европа Биримдигинин Саммитинде Европа Биримдигинин лидерлери тарабынан жасалган мамилелер боюнча дайындоолорду эсепке алуу үчүн Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглун Бельгиянын борбор калаасы Брюсселде тосуп алууну чыдамсыздык менен күткөнүн айтты.

Европа Биримдигинин Комиссиясынын төрайымы фон дер Ляйен жолугушуудан кийин социалдык медиадагы билдирүүсүндө, президент Эрдоган менен жакшы жолугушуу өткөргөндүгүн белгилеп, Ковид-19, экономиканы калыбына келтирүү жана Европа Биримдиги Кеңешине 2020-жылдын декабрь айында болгон жолугушууда Түркия менен мамилелер жөнүндө жасалган дайындоолордун аткарылышы жөнүндө сүйлөшкөндүгүн белгилеген.

Тышкы иштер министри Чавушоглунун 21-январда Брюсселге барышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар