Түркия 4 арал үчүн Navtex жарыялады
Греция эл аралык мыйзамдарга жана келишимдерге каршы келген кадамдарын улантууда.
Түркия Мейс, Самотраки, Лемнос жана Ипсара аралдарынын аскердик эмес статусунун бузулгандыгын көрсөткөн жаңы Navtex жарыялады.
Чыңалууну азайтуу үчүн жүргүзүлгөн диалог аракеттерине карабастан Греция эл аралык мыйзамдарга жана келишимдерге каршы келген кадамдарын улантууда.
Афина администрациясы, Эгей жана Жер Ортолук деңизиндеги аралдардын аскердик эмес абалын эске албай жатат.
Түркия, Грециянын чагымчылдыктарына жаңы Navtex менен жооп берди.
Семадирек (Самотраки), Лимни (Лемнос) жана Ипсара аралдарынын 1923-жылкы Лозанна келишими, Мейс аралынын да 1947-жылкы Париж келишими менен белгиленген аскердик эмес статусунун бузулгандыгы баса белгиленди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.