«Түрк агымы» куурунун ачылганына бир жыл болду

«Түрк агымы» өз ишин 2020-жылдын январь айында расмий ачылыш аземи менен баштаган.

1560459
«Түрк агымы» куурунун ачылганына бир жыл болду

«Түрк агымы» ачык деңиз газ кууру бир жылдыгын белгилеп жатат.

«Түрк агымы» өз ишин 2020-жылдын январь айында Стамбулда президент Режеп Таййип Эрдоган жана Россиянын президенти Владимир Путин катышкан расмий ачылыш аземи менен баштаган.

«Түрк агымы» долбоору компаниясынын билдирүүсүндө, көз караштарына орун берилген Газпромдун башчысы Алексей Миллер, Газпромдун жеткирген жаратылыш газынын жалпы көлөмүнүн 2,2 эсе,  Европадагы керектөөчүлөргө берилген жаратылыш газынын көлөмүнүн болсо 2,5 эсе көбөйгөнүн айтты.

Миллер бул куур ишке берилгенден бери Түркия, Греция жана Түндүк Македония да 2020-жылы Газпромдон жаратылыш газын сатып алууну көбөйткөндөрүн белгиледи.

Жалпы көлөмү 31,5 миллиард куб метр болгон «Түрк агымы» эки параллелдик линиядан турат, алардын ар бири жыл сайын 15,75 миллиард куб метр жаратылыш газын өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Жогоруда айтылган линиялардын биринчиси Түркияны жаратылыш газы менен камсыз кылса, экинчи линия Европага жаратылыш газын жеткирүү үчүн Түркия-Болгария чек арасына жетет.



Тектеш кабарлар