Сарыкамыш шейиттеринин элесине кардан айкелдер

Карстын Сарыкамыш районунда шейиттердин элесине арналып жасалган кардан айкелдер ачылды.

1560463
Сарыкамыш шейиттеринин элесине кардан айкелдер

Сарыкамыш операциясынын 106 жылдыгын эскерүү иш-чараларынын алкагында Карстын Сарыкамыш районунда шейиттердин элесине арналып жасалган кардан айкелдер ачылды.

Ачылышка жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу, энергетика жана табигый ресурстар министри Фатих Дөнмез, Карс губернатору Түркер Өксүз, Ардахан шаарынын губернатору Хүсейин Өнер жана берки жетекчилер катышты.

Касапоглу, Дөнмез жана жетекчилер, 200 жүк ташуучу унаа кар ташылып «Жыбылтепе» лыжа базасында жасалган шейит аскерлердин портреттери чагылдырылган айкелдердин үстүндөгү түрк желегин көтөрүп гвоздика гүлүн коюшту.

Министр Касапоглу бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Сарыкамыш операциясынын ата-бабалардын каны менен жазылган баатырдык дастан экендигин белгилеп: «Биз быйыл пандемияга карабастан Сарыкамышта бир топ жылдан бери жүргүзүп келе жаткан бул ишибизди чектелүү болсо дагы аткаруудабыз. Ушул мааниде толкунданып, кубанып жатабыз»,- деди.

Сарыкамышка улут катары бир жүрөк болуп баргандарын белгилеген Касапоглу, пандемиянын аяктоосу менен кийинки иш-чараларга көбүрөөк катышуу боло тургандыгын айтты.

Энергетика жана табигый ресурстар министри Дөнмез Сарыкамыш шейиттерин таазим кылып эскергендиктерин айтты.

Дөнмез, Сарыкамыш операциясында 90 миңге жакын аскердин шейит болгонун жана алардын көпчүлүгүнүн үшүк алып көз жумгандарын эске салып, ачылган айкелдердин да тоңгон аскерлерди өкүлдүк кылгандарын айтты.



Тектеш кабарлар