Ирактын түндүгүнө абадан операция жүргүзүлдү

Аныкталган 4 террорист абадан жүргүзүлгөн операцияда жок кылынды.

1559786
Ирактын түндүгүнө абадан операция жүргүзүлдү

"Евфрат калканы" аймагына кол салган ПКК/ЙПГ террордук уюмдун 3 террористи жок кылынды.  

Улуттук коргоо министрлиги тарабынан берилген маалыматта : ""Тынчтык булагы" аймагында болгондой "Евфрат калканы" аймагына карата кол салуу жана кирүү аракеттерине да уруксат бербейбиз. Тынчтыктын жана бейпилдиктин куруучусу болгон десанттарыбыз "Евфрат калканы" аймагына ок аткан ПКК/ЙПГнин 3 террористти жок кылынды",- деп билдирилди. 

Бир тараптан, Ирактын түндүгүндөгү Гара жана Авашин аймактарында чалгындоо жана көзөмөлдөө каражаттары менен аныкталган ПККнын 4 террористи абадан жүргүзүлгөн операцияда жок кылынды. Террор менен күрөшүү чек аранын ары жагында да улантылууда. Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сирия жана Ирактын түндүгүндөгү террористтерге мүмкүнчүлүк бербей жатат.

Улуттук коргоо министрлигинин твиттерден берген маалыматына караганда Ирактын түндүгүндөгү Гара жана Авашин аймактарында чалгындоо жана көзөмөлдөө каражаттары 4 террористи аныктады. Бири биринин артынан жүргүзүлгөн аба опперациясында террористтер жок кылынды.



Тектеш кабарлар