Чавушоглу: «АКШдагы окуялар бүткүл дүйнөнү тынчсыздандырды»

Чавушоглу расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Португалияга барды.

1559791
Чавушоглу: «АКШдагы окуялар бүткүл дүйнөнү тынчсыздандырды»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, президент Дональд Трамптын тарапкерлеринин Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Конгресстин имаратына кирип барышы менен болгон окуялар жөнүндө: «Бул окуялар биз үчүн гана эмес, Европа жана жалпы дүйнө үчүн кооптондуруучу окуя болду. Маселенин чечилгенине биз кубанычтабыз»,- деди.

Чавушоглу расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Португалиянын борбор шаары Лиссабондо Португалиянын тышкы иштер министри Аугусто Сантуш Сильва менен эки тараптуу жана делегациялар аралык жолугушуудан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Министр Чавушоглу кечээ АКШнын борбор шаары Вашингтондо президенти Дональд Трамптын жактоочулары Конгресстин имаратына кирип барышы менен болгон окуяларга байланыштуу бул окуяларга таң калбаганын, анткени мунун белгилери Президенттик шайлоодон бери байкалганын белгиледи.

Чавушоглу төмөнкү сөздөрдү айтты:

«Биз чындап эле аябай тынчсыздандык. Кечээ Вашингтондо болгон окуя АКШда биринчи жолу болду жана акыры акыл-эстүүлүк жеңди. Кечээки окуя бизди гана эмес, Европаны жана бүтүндөй дүйнөнү тынчсыздандырган окуя болду. Маселенин чечилгенине кубанычтабыз «,-деди.

Министр Чавушоглу, кесиптеши Сильва менен болгон жолугушуусунда Португалия менен Түркиянын Биргелешкен Экономикалык Комиссиясынын жыйынынын өкмөттөр аралык саммитке чейин өткөрүлүшү жөнүндө чечим кабыл алгандарын билдирди.

Сильва менен жолугушуусунда эки тараптуу маселелер менен катар аймактык маселелерди да карап чыгышканын айткан Чавушоглу, Ливия, Тоолуу Карабах, Сирия, Чыгыш Жер Ортолук деңизи, Венесуэла жана Африкадагы абалды өзгөчө Мозамбиктеги абалды талкуулагандарын айтты.

Португалиянын Лиссабон шаарында расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн барган Чавушоглун Португалиянын премьер-министри Коста дагы кабыл алды.

Чавушоглу сапарынын алкагында, Португалия-Түркия парламенттер аралык достук тобунун төрагасы Педро Роке Оливейра менен да жолугушту.



Тектеш кабарлар