Түркиянын террористтер менен күрөшүүсү уланууда

Улуттук коргоо министрлиги жана Ички иштер министрлиги террористтер менен болгон күрөшүү тууралуу маалымат бөлүшүштү.

1559340
Түркиянын террористтер менен күрөшүүсү уланууда

Сириянын «Тынчтык булагы» аймагында жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГге мүчө беш террорист зыянсыздандырылды.

Улуттук коргоо министрлиги (УКМ) тарабынан жасалган билдирүүдө террористтер «Тынчтык булагы» аймагына кол салууга аракет кылышканы кабарланды.

Билдирүүдө «Тынчтык булагы» аймагына кол салууга аракет кылган 5 ПКК/ЙПГ террористинин жок кылынганы жарыяланды.

Экинчи жагынан, Ички иштер министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө террордук уюмдан багынып берүүлөрдүн жаңы жылы дагы ынандыруу жолу менен улантылып жаткандыгы жана 2021-жылдын биринчи багынып берүүсү ынандыруу аркылуу ишке ашканы белгиленди.

Ички иштер министрлигинин координациясында Жандармерия Башкы командачылыгы менен Коопсуздук башкы директорлугу тарабынан жүргүзүлгөн иштерде ПККдан качкан уюмдун 1 мүчөсү бүгүн Түркияга кирип коопсуздук күчтөрүнө багынып бергендиги баса белгиленди.

Билдирүүдө сөз болуп жаткан террористтин 2014-жылы ПККга кошулуп, Сирияда кыймыл кылып жүргөндүгү аныкталганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар