Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Акыркы 24 саатта вирустан 191 киши көз жумду.

1558764
Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 191 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 22 миң 70 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 182 миң 645 тест жасалып, 1 миң 458 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 13 миң 830 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 8 миң 702 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 164 миң 40ка жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар