Чавушоглу: «АСЕАН менен карым-катнаштарыбызга өзгөчө маани берүүдөбүз»

Министр Чавушоглу АСЕАНга мүчө өлкөлөрдүн борбор шаар Анкарадагы элчилерине кайрылды.

1558577
Чавушоглу: «АСЕАН менен карым-катнаштарыбызга өзгөчө маани берүүдөбүз»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын "Жаңыдан Азия" демилгесинин алкагында Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы (АСЕАН) менен болгон карым-катнаштарына өзгөчө көңүл бургандыгын билдирди.

Министр Чавушоглу АСЕАНга мүчө өлкөлөрдүн борбор шаар Анкарадагы элчилерине кайрылды.

Катышуучуларды жаңы жылы менен куттуктаган Мевлүт Чавушоглу Филиппиндеги селден каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты.

АСЕАНдын Анкара тобунун элчилери менен "салттуу" жыйындын төртүнчүсүн өткөргөндөрүн айткан Чавушоглу, буга чейинки жыйындын 2019-жылдын 11-июлунда болгонун эске салды.

Коронавируска (Ковид-19) байланыштуу өткөн жылы АСЕАНдын тышкы иштер министрлеринин жыйынына катыша албастыгын айткан министр Чавушоглу, шарттар ылайыктуу болсо быйыл АСЕАНдын тышкы иштер министрлеринин 55-жыйынына катыша тургандарын билдирди.

Түркиянын бүгүнкү күндө 3 уюмдун (Азия парламенттик ассамблеясы, Экономикалык кызматташтык уюму, Азия кызматташтык диалогу) кезектешкен төрагалыгын жүргүзүп жатканына көңүл бурган Мевлүт Чавушоглу, 21-январда Азия кызматташтык диалогунун тышкы иштер министрлеринин жыйынын өткөрө тургандарын жана АСЕАН өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин да бул жыйынга катышуусун күткөндөрүн билдирди.

Чавушоглу бүгүнкү жыйында 2020-жылдагы карым-катнаштардагы өнүгүүлөргө баа бере тургандыктарын жана жакынкы жылдардагы эки тараптуу деңгээлде жана АСЕАН менен мамилелерди кантип жакшыртуу керектигин талкуулай тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар